"Ихсандан" акча качан өнөт? Жүздөгөн адамдын күйүтү, Жогорку соттун чечими

276 подписчиков

12+
12+

1 просмотр

3 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав

276 подписчиков

12+
12+

1 просмотр

3 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

1 просмотр

3 дня назад

"Ихсан" турак жай кооперативинин башчыларына карата Жогорку соттун өкүмү чыкты. Териштирүү маалында 400дөн ашуун адамга 300 миңден 2 млн. сомго чейин карыз экенин аныкталган. Сот процессине катышууга келген жабырлануучулар көп болгондуктан Жогорку соттун залдарына батпай калып, жанындагы Тышкы иштер министрлигинин чоң жыйындар залында өттү. Бул иштин чоо-жайын эске сала турган болсок, 2024-жылы февралда Биринчи Май райондук соту тарабынан “Ихсандын” негиздөөчүсү Акинай Бекмурзаева 12 жылга, башкы директору Эрмат Абылкасымов 11 жылга эркинен ажыратылган. Мал-мүлкү конфискацияланып, жабырлануучулардын акчасын төлөп берүү өкүмү чыккан. Кийин 7-июнда Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүн азайтып Бекмурзаеваны 10 жылга, Абылкасымовду 9 жылга камаган. Арадан эки жыл өткөндөн кийин “Ихсандын” соттолгон жетекчилери Жогорку сотко даттанып өкүмдү жокко чыгарып кылмыш ишин райондук сотто кайра башынан кароого жөнөтүүнү өтүнгөн. Бирок алардын өтүнүчү канааттандырылган жок, соттук курам шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтыруу чечимин чыгарды. Жабырлануучулардын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, дагы 300дөй адамдын арызы боюнча Бишкек шаардык сотунда экинчи иши каралып жатат. Ал бүткөндөн кийин гана камактагы мүлктөрү, эсептери ачылып бөлүштүрүлөт.

Название:

"Ихсандан" акча качан өнөт? Жүздөгөн адамдын күйүтү, Жогорку соттун чечими

Категория:

Разное