Төөлөстөр байыркы Эне-Сайлык кыргыз уруусу. Төөлөс өлсө гөрүн, тирүүсүндө төрүн бербейт.

37 подписчиков

12+
12+

1 просмотр

3 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав

37 подписчиков

12+
12+

1 просмотр

3 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

1 просмотр

3 дня назад

Бүгүнкү темабыз төөлөстөр. Же дөөлөстөр. Кыргыз тарыхында төөлөстөр жөнүндө аз тарыхий материал. Төөлөстөр Кыргызстандын жети дубанда жашайт жана Өзбекистандагы кыргыздардын арасында көп. Тувалык туугандардын билдим. Төөлөстөр эне-сайлык кыргыздардын түздөн түз мураскери экенин. Кыргыздын эң байыркы уруусу. Алтайлыктарда төөлөс, Тувалыктарда түлүш, монголдордун арасында тулас деген этнонимдер менен белгилүү. Тувада Улук-Хем деген районунда түлүштөр жашашат. Биздин тилде Туванын Эне-Сай деген районунда төөлөстөр бар. Байыркы Орхон-Эне-Сай жазууларында Төөлөс деген бул административтик аймактык бирдик. Жердин дагы аты болуп жатат төөлөс деген. Төөлөстөр эне-сайлык кыргыздар экенин далилдеген талашсыз факт. Төөлөстөрдүн түбү теле жана динлин уруулары дешет тарыхчылар. Орустун телега, деген сөзү ушул теле уруусу менен байланыштырат. Демек телелер, төөлөстөрдүн ата бабалары славяндарды арабага отургузган, дөңгөлөк жасаганды үйрөткөн, өз убагындагы алдыңкы маданияттуу адамдар болгон экен. Алтайлык төөлөстөрдүн тарыхын алтайлык Акай Кине дегендин ютубтан таап уксаңар болот. Монголдордун тулас дегени кызык. Монголдордун жашыруун тарыхы деген санжырасында баргы, төөлөс, тумат, кори уруулары эң жакын уруулар деп белгилеген. Чингизид ханзада Арык-Буканын токолу төөлөс болгон экен. Арык-Бука менен Хубулайдын так талашкан согушунда, Эне-Сайлык кыргыздар күйөө баласы болгон Арык-Буканы колдоп, жеңилип калат. Ошондо көтөрүлүшкө катышкан Эне-Сайлык кыргыздарды азыркы Теңир-Тоо менен Памир-Алайга көчүргөн версия бар тарыхчылар арасында. Монголдорун айтуусунда өөлөт жана төөлөс уруулары бир эле уруу. Баткендик Гламидин Абдырахманов деген аксакал тарыхчы бар. Кыргыздын тарыхы, ар бир уруунун тарыхын издемейинче ачылбайт деп бекер айткан эмес. Эми төөлөстөрдөн кыргыздын туусун көтөргөн көптөгөн азаматтар чыкан. Жети акенин бири акылман Сарт аке. Саясаттагы тазалыктын символу болгон Абсамат Масалиев. Анан дүйнөгө белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов. Ооба Чынгыз Айтматовдун теги Ноокаттык төөлөс экен. Чынгыз Айтматовдун чоң атасы эл Кудаярханга көтүлгөндө Полотхандын кылычын чабып, Наманган шаарына бек болгон экен. Полотхан дарга асылганда Намангандан нары ооп, Чаткал аркылуу Таласта из жашырган экен. Муну куудул Жамбыл Камчиев айтса, ишене бербедим эле. Санжырачы Анарбек Усупбаев дагы тастыктаган видео бар ютубта. Аман болгула, бар болгула.

Название:

Төөлөстөр байыркы Эне-Сайлык кыргыз уруусу. Төөлөс өлсө гөрүн, тирүүсүндө төрүн бербейт.

Категория:

Разное