Жетим-Тоо кени боюнча талаш-тартыш эмнеден башталды, эмне үчүн ал көп сөз боло баштады?
Жетим-Тоо кени Нарын жана Ысык-Көл облустары кесилишкен жерде жайгашкан, ал жакта ондогон миллиард долларды чапчыган темирдин кору бар экени айтылып келет. Албетте андай кенге бай жер бийликтин жана элдин көңүлүнүн сыртында калбайт. Акыркы апталарда Жетим-Тоо талаш-тартышка, камакка алууларга, ал тургай жаңы терминдин жаралышына себеп болду. Жетим-Тоо кенинин айланасында эмне болуп жатканын жана эмне себептен ал тууралуу көп айтыла баштаганын түшүндүрөбүз. UPD: Бул видеодо Убактылуу өкмөт 2011-жылы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө лицензияны жокко чыгарганы айтылат. Бирок Убактылуу өкмөт 2010-жылдын апрелинен июль айына чейин иштеген. Ошондой эле видеодо Өмүрбек Текебаев оппозиционер экени айтылат. Азыр ал Кыргызстандын Германиядагы элчиси. Каналга жазылуу: https://www.youtube.com/channel/UCCZa43syqWs7EqllazNPq7A Биздин веб-сайт: http://ky.kloop.kg Facebook: http://fb.com/kloopkyrgyz Twitter: http://twitter.com/kloopkyrgyz Instagram: http://instagram.com/kloopkyrgyz
Название:
Жетим-Тоо кени боюнча талаш-тартыш эмнеден башталды, эмне үчүн ал көп сөз боло баштады?
Категория:
Разное