Замир Арыкбаев – Асылым (Кудай кошкон мен болоюн түгөйүң)
Каректериң карап турса балбылдап, Өмүрүмө жаным сенсиң шам чырак. Кадырыма жетер белең асылым Бир өзүңдү жалгыз мага тартуулап. Кайырмасы: Билсең, жаным, сага арналган жүрөгүм, Өзүң болуп мен жашоочу түнөгүң. Өмүр бою ажырабай өзүңдөн Кудай кошкон мен болоюн түгөйүң. Көрбөй калсам сагынамын ар убак, Жан дүйнөмдү сүйүү менен дарылап. Жүрөгүмдүн теңи сенсиң асылым Бул жашоомду сен турасың жаңылап. Биздин сүйүү болсо экен түбөлүк, Ортобузда махабаттын гүлү өнүп. Ак батасы бизге буйруп Теңирдин Өмүр бою бирге жашап өтөлү. #эстенкеткис #эскиырлар #кыргызча #мурас #ретро
Название:
Замир Арыкбаев – Асылым (Кудай кошкон мен болоюн түгөйүң)
Категория:
Разное