Ар бир эркин мамлекеттин символу бул анын ТУУСУ эмеспи.
Ар бир эркин мамлекеттин символу бул анын ТУУСУ эмеспи. Бүгүн биз кыргыз ТУУсунун күнүн белгилеп, эгемен өлкө экенибизди дагы бир жолу далилдеп жатабыз. Желегибиз эрдиктин жана тайманбастыктын символу. Жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин белгиси. Кыргыз ТУУсу өлкөбүздүн, шаарыбыздын жана андагы жашаган тургундардын өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин айкындап турат. Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган туу элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай мааниге ээ. Урматтуу шаардыктар! Ар дайым Желек желбиреп, Кыргыз ТУУСУ бийик болсун! Жергебизде тынчтык, баарыбызга бекем ден соолук, бакубат жашоо ийгиликтерди каалайм.
Название:
Ар бир эркин мамлекеттин символу бул анын ТУУСУ эмеспи.
Категория:
Разное