Жолон Мамытов | Жалгыздык ыры | поэзия
Жалгыздык ыры Айлуу түндө Айды тиктеп үргөн ит тагдырына наалыгандай сезилет. Бир көбүрүп, бир кетилип бул дүйнө, көңүл өсүп, жүрөк андан эзилет. Бүгүнүңдөн зериккенде, баш чулгуп эртеңиңе жеткиң келет тезирээк. Анан дагы бир өмүрдү кор тутпай болгуң келет сыйчыл, жоомарт, эр жүрөк. Бул жарыктан эбак кеткен атаңды сүйгүң келет бала болуп элжиреп. Олтурганда таза ойлорго достошуп, терезеңден түнү таза жел кирет. Конок бол деп чакырасың үйүңө бак башында үргүлөгөн чымчыкты. Тез өссө деп тиктеп аяп кетесиң эми жаңы ноодалаган чырпыкты. Кубалайсың сезим менен аткылап тек оюңа түшө калган кырсыкты. Өзүң дагы чымчык сымал чырыйттап не бир түркүн чарбактарга коносуң. Сезимиңде каршылыктар жаратып кагылышкан душманыңды жоесуң. Канча өмүрдүн калпып алып каймагын кыялыңда эбак жашап коесуң... Жолон Мамытов.
Название:
Жолон Мамытов | Жалгыздык ыры | поэзия
Категория:
Разное