Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында 5 миң адамдын катышуусунда белгиленди
Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Ага күбө болуу үчүн борбордук аянтка болжол менен 5 миңге чукул адам чогулду. Аймактык кабарчы билдиргендей, майрамдык салтанатка өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары катышып, жалпы элди Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Учурда борбордук аянтта сахналаштырылган оюн-зооктор башталды.
Название:
Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында 5 миң адамдын катышуусунда белгиленди
Категория:
Разное