Касым Тыныстанов кыргыз окумуштуусу, акын жана мамлекеттик ишмер
Касым Тыныстанов (1901 — 1938-ж.ж.) - кыргыз окумуштуусу, акын жана мамлекеттик ишмер. Латын алфавитинин негизинде кыргыз жазуусунун негиздөөчүсү. 1924 - жылы Түркстан АССРинин Академиялык борборунун катчысы, бөлүмүнүн төрагасы, 1925-жылы биринчи "Эркин-Тоо" кыргыз гезитинин редактору болгон. 1938-жылдын 5-ноябрында ага айып тагылып, атып өлтүрүлгөн. 1957-жылдын 1-октябрында СССРдин Жогорку Сотунун аскер коллегиясы тарабынан акталган. Эл депутаттарынын Бишкек шаардык Советинин Президиумунун токтому менен Краснооктябрь көчөсү К.Тыныстанов атындагы көчөсүнө кайрадан аталган. Бул көчөдө Бишкек шаарынын тарых жана маданий эстеликтери болуп эсептелинген административдик жана турак-жай имараттары, көчөнү бойлой гүл бакчалар жана сейил бактар, Ч.Айтматов атындагы театры, К. Баялинов атындагы китепканасы, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги, №24 мектеп-гимназиясы, скульптор О.Мануилованын үй-музейи, Гапар Айтиевдин музейи-өнөрканасы, Кыргыз Республликасынын ИИМинин бейтапканасы жайгашкан. *** Касым Тыныстанов (1901 - 1938гг.) — киргизский учёный, поэт и государственный деятель. Основоположник киргизской письменности на основе латинского алфавита. В 1924 г. был секретарем, председателем отдела Академического центра Туркестанской АССР, в 1925 г. - редактором первой кыргызской газеты «Эркин-Тоо». 5 ноября 1938 года ему было предъявлено обвинение, расстрелян. Реабилитирован 1 октября 1957 года Военной коллегией Верховного суда СССР Постановлением президиума Бишкекского городского совета народных депутатов ул. Краснооктябрьская переименована в ул. К. Тыныстанова. На улице расположены: административные и жилые здания, вдоль улицы ряд скверов и парков, театр им.Ч.Айтматова, библиотека им. К.Баялинова, Министерство экономики и коммерции КР, школа-гимназия №24, дом-музей скульптора О.Мануйловой, Музей-Мастерская Гапара Айтиева, поликлиника МВД КР - являющиеся памятниками истории и культуры города Бишкек.
Название:
Касым Тыныстанов кыргыз окумуштуусу, акын жана мамлекеттик ишмер
Категория:
Разное