23-СЕНТЯБРЬ — КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ

12+
12+

1 просмотр

2 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

1 просмотр

2 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

1 просмотр

2 дня назад

Тил - элдин тарыхын, дүйнө таанымын, салт-санаасын жана руханий мурасын муундан муунга жеткирген эң чоң дөөлөт. Кыргыз тили да кылымдар бою элибиздин эс-тутумун сактап, улутубуздун жүзүн аныктап келген. Бүгүн мамлекеттик тил коомдук турмуштун бардык тармагында кеңири колдонулуп, заман менен кошо өнүгүп жатат. Анын кадырын көтөрүү - кыргызча сүйлөө менен гана чектелбейт. Тилди иш кагаздарында, өндүрүштө, илимде, технологияда жана күнүмдүк кесиптик чөйрөдө колдонуу да маанилүү. «Кумтөр Голд Компани» үчүн мамлекеттик тил - корпоративдик маданияттын жана күнүмдүк иштин ажырагыс бөлүгү. Кен жайда да, кеңседе да кыргыз тилин колдонууга, анын иш чөйрөсүндөгү ордун кеңейтүүгө жана кызматкерлер арасында жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат. Анткени тилдин күчү - анын колдонулушунда. Кыргыз тили канчалык көп чөйрөдө жаңырса, анын келечеги да ошончолук бекем болот. Мамлекеттик тил күнү кут болсун! Эне тилибиздин кадыры бийик, түбөлүгү түз болсун!

Название:

23-СЕНТЯБРЬ — КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮ

Категория:

Разное