Кубаныч Ажыбаев - Сулууларга суктанууга акым бар
Көчүpүү: https://shre.su/666A Кубаныч Ажыбаев "Сулууларга суктанууга акым бар" Сөзү : Ж.Ырысбаевдики Обону : К. Мендебаировдуку Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм, Суктанамын, көз электен өткөрөм. Жылмаңдаймын баарысына тийишип, Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, менде да бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар. Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм. Оолукканды сурабагын, айтпагын, Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар. Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм, Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм. Кыялымда жанашамын бир басып, Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм. Шектенбесин көрүп-билген жакындар, Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар. Сууруп алам чечекейиң десең да, Сулууларга суктанууга акым бар.
Название:
Кубаныч Ажыбаев - Сулууларга суктанууга акым бар
Категория:
Разное