Сыгылба 2025 || Калыс Айтбаев🇰🇬 (автор: Машхурбек Мухаммад🇺🇿)
“Сыгылба” Автор: Машхурбек Мухаммад Которгон: Калыс Айтбаев Эй досум айт неге абалың мындай, Ааламдын тардыгын сезип жатабы? Же досум жашоодо бир гана сенин, Арманың дүйнөнү кезип жатабы? Ишиңде көңүл жок, үйүңдө тынчтык, Дүйнөнүн ызгаары болуп жатабы? Ал да жетпегендей, оор күндөрдө, Эң жакын досторуң чанып жатабы? Сыгылба бул жаның жүрөктө коноктур Жашооңдо жакшылар, жамандар болоттур Издесең табылат ар бир ишке айла Тагдырыңа баш ийбей, сен барасың кайда? Жакшыдан жамандан Жайнаган адамдан, Иштүүдөн күчтүүдөн калаар бул дүйнө. Бузулган адамдан, буйрубас жамандан Бузуку замандан издебе күнөө. Мейли күн мейли түн мейли тан мейли шам Мейли дос не кылсаң арга жоктур ай Азгырып кеткенден, арманга жеткенден Азапты чеккенден сактасын кудай. Бир кем дүйнөнүн мыйзамы ушундай Бир күнү андай да бир күнү мындай Көңүлүң өмүрдүн оттуу учкундай Тез жанып өчүшүн туюп жатабы Кайгыга берилбе, кайгырдым дебе Ойлонуп отурба, тур андан гөрө Сыноону жеңгендин айласын изде Жок дегенде жүрөгүң угуп жатабы? Сыгылба бул жаның жүрөктө коноктур Жашооңдо жакшылар, жамандар болоттур Издесең табылат ар бир ишке айла Тагдырыңа баш ийбей, сен барасың кайда? Жакшыдан жамандан Жайнаган адамдан, Иштүүдөн күчтүүдөн калаар бул дүйнө. Бузулган адамдан, буйрубас жамандан Бузуку замандан издебе күнөө. Мейли күн мейли түн мейли тан мейли шам Мейли дос не кылсаң арга жоктур ай Азгырып кеткенден, арманга жеткенден Азапты чеккенден сактасын кудай.
Название:
Сыгылба 2025 || Калыс Айтбаев🇰🇬 (автор: Машхурбек Мухаммад🇺🇿)
Категория:
Разное