Бир ырдын баяны: "Үзөңгү-Кууш" менен коштошуу

92 подписчика

12+
12+

1 просмотр

3 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав

92 подписчика

12+
12+

1 просмотр

3 дня назад

ПожаловатьсяНарушение авторских прав
12+
12+

1 просмотр

3 дня назад

Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган Калыйбек Тагаевдин "Үзөңгү-Кууш" менен коштошуу деген ырынын тарыхы. #бирырдынбаяны #бирырдынтарыхы #шайлообекдүйшеев #калыйбектагаев #үзөңгүкууш #майрамдүйшөкеева "Үзөңгү-Кууш" менен коштошуу Кош асыл тоом, коштошоюн эми мен, Айрылган жан болбосун өз жеринен. Башка жактын жери болдуң кантейин, Баштагыдай баралбаймын эми мен. Кошкун эми, жүрөктөрдө так калаар, Коштошпосун мен өңдөнүп башкалар. Меники эмес эми гүлдөр баягы, Меники эмес бүркүт учкан аскалар. Кошкун эми, коңур жайлоом жайдарым, Сен кетсең да кетпес менден арманым. Эстей жүргүн силер үчүн кан төккөн, Бир кездеги аталардын арбагын. Канаты жок, кайрылалбай салтына, Канча эл жүрөт мекен таппай калкына. Желе тартып өтүп жатат бул күндөр, Жер-суубуздун жетпей койдук баркына. Кош, асыл тоом, жайда толуп гүлдөгөн, Чокулары жаркып турган Күн менен. Бизден жакшы эл табарсың а балким, Сендейди биз табалбаспыз дүйнөдөн. Кошкун эми, коңур жайлоом жайдарым, Сен кетсең да кетпес менден арманым. Эстей жүргүн силер үчүн кан төккөн, Бир кездеги аталардын арбагын.

Название:

Бир ырдын баяны: "Үзөңгү-Кууш" менен коштошуу

Категория:

Разное