Зордукталгандар, ыдык көргөндөр жапырт үн катышты
Туугандары, бир туугандары, кошуналары... тизмекти тынымсыз улай берсе болот. Кыргызстанда сексуалдык ыдык көрүп, зордукталган кыздардын каттары токтоосуз “жаап” жатат. Коомчулукту нес кылган, жүрөк чыдагыс окуяларды журналист Назира Айтбекова өзүнүн социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына чыгарууда. Сексуалдык зомбулукка кабылган кыз-келиндер башынан өткөн кордукту жылдар бою сыр сактап келишкен. “Уят”, “Эл эмне дейт?” деген ой менен бирөө жарымга айтып, укук коргоо органдарына кайрылууга батына алышкан эмес. Азыр дагы баардык каттар “анонимдүү болсунчу” деген өтүнүчтөр менен чыгып жатат.
Название:
Зордукталгандар, ыдык көргөндөр жапырт үн катышты
Категория:
Разное