✅ КУЛАКТАНДЫРУУ!
🔰 Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу жана Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 30-июлундагы №391-б буйругун аткаруу максатында "Адамдарды сатууга каршы 100 күн" жалпы улуттук маалыматтык кампаниянын алкагында 2024-жылдын 23-август күнү саат 10:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театры 23-август – Кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана аны жоюунун эл аралык күнүнө карата иш-чара уюштуруп жатат. 📌 Иш-чаранын алкагында чет өлкөгө жумуш издеп барууну каалаган жарандар үчүн бош жумуш орундары жарманкеси уюштурулуп, коопсуз миграция боюнча маалыматтар берилет. 🔸 Маданий-музыкалык бөлүгү спектакль, ыр, бий менен коштолот. _________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия
Название:
✅ КУЛАКТАНДЫРУУ!
Категория:
Разное