Гүлдөй жан ✨ | кавер #кыргызмузыка #асылбекөзүбеков #ырлар #ыр
Гүлдөй жан Сөзү: Эгемберди Эрматов Обону: Жумамүдүн Шералиев ____________________________________________________________________ Аксаткындын селкинчек, Андай теппей мындай теп. Бурулчанын селкинчек, Бурбай теппей мындай теп. Ойноп,ойноп алгыла, Ойрон калаар бул дүйнө. Күлүп,күлүп алгыла, Күмүрөң калаар бул дүйнө. Кайырма: Жашыл жоолук дүрдөй жан, Жаңы ачылган гүлдөй жан. Кызыл жоолук дүрдөй жан, Кыз-келиндер гүлдөй жан. Бурулчанын селкинчек, Бурбай тепчи келинчек. Сүйүмкандын селкинчек, Сүйлөп тепчи келинчек. Биз болбосок өмүрдө, Кызыгы жок кыздар ай. Тамылжыган жүзүңдүн, Кызылы жок кыздар ай. Кайырма: Жашыл жоолук дүрдөй жан, Жаңы ачылган гүлдөй жан. Кызыл жоолук дүрдөй жан, Кыз-келиндер гүлдөй жан. Аксаткындын селкинчек, Андай теппей мындай теп. Бурулчанын селкинчек, Бурбай теппей мындай теп. Селкилердин колунан Секин кармап алабыз, Түн уйкудан ойготуп Сарсанаага салабыз Кайырма: Жашыл жоолук дүрдөй жан, Жаңы ачылган гүлдөй жан. Кызыл жоолук дүрдөй жан, Кыз-келиндер гүлдөй жан.
Название:
Гүлдөй жан ✨ | кавер #кыргызмузыка #асылбекөзүбеков #ырлар #ыр
Категория:
Разное